Артка

Жамаат эрежелери

Жаңыланды: 2026-08-13

Akniet — «ак ниет». Бул эрежелер жубайын издеген ар бир адам үчүн урмат-сыйды сактайт.

Чынчыл болуңуз

Чыныгы атыңыз, жаңы сүрөттөрүңүз жана жашыңыз, шаарыңыз, абалыңыз жөнүндө туура маалымат.

Башка бирөө болуп көрүнүүгө же үй-бүлөлүү экениңизди жашырууга болбойт.

Урмат менен мамиле кылыңыз

Кемсинтүү, тил тийгизүү, коркутуу жана кысым жасоо жок. Жооп бербей калса, тынч коюңуз.

Уят мазмун жана ачык кабарлар жок. Аймагы, уруусу, ишеними же үй-бүлөсү үчүн шылдыңдоо жок.

Катуу тыюу салынат

Акча, белек, карта реквизиттерин же «инвестицияга жардам» сурануу — эң көп кездешкен алдамчылык, дароо бөгөттөйбүз.

Ала качуу, никеге мажбурлоо же ушундай коркутуу. Бул кылмыш, органдарга кабарлайбыз.

Башка колдонуучунун сүрөттөрүн, кабарларын же жеке маалыматын колдонмодон тышкары таратуу.

Жарнама, вербовка жана башка кызматтар үчүн байланыш чогултуу.

Эрежелер кантип иштейт

Ар бир колдонуучу профилден же чаттан даттана жана бөгөттөй алат. Даттануулар модераторлорго түшөт.

Оордугуна жараша эскертебиз, профилди жашырабыз же аккаунтту биротоло бөгөттөйбүз. Оор учурлар органдарга берилет.

Чечим туура эмес деп эсептесеңиз, elebes@yahoo.com дарегине жазыңыз.

Байланыш: elebes@yahoo.com